Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Мушкер Орзубек Назаров Жогорку соттон ИИМди утуп алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-сентябрда белгилүү мушкер Орзубек Назаровдун кызы катышкан жол кырсыгы боюнча отурум Жогорку сотто өтүп, Бишкек шаардык сотунун чечими күчүндө калтырылды. Бул тууралуу Орзубек Назаров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Мурдагы таржымалына кайрылсак, 28-мартта Биринчи май райондук сотунда белгилүү мушкер Орзубек Назаровдун кызы жабыркаган жол кырсыгына байланыштуу өкүм чыккан. Анда ошол кездеги Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын инспектору Улан Султангазиев үч жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган. Ал эми анын өнөктөшү Шүкүр Умиров толук акталды. Сот ошондой эле Ички иштер министрлигин Орзубек Назаровго материалдык чыгымы үчүн 150 452 сом, ал эми моралдык чыгым үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу. Кийин Бишкек шаардык соту да ушул чечимди колдогон.

2017-жылы 19-августта мушкердин 17 жаштагы кызы Аделина Бишкек шаарында мотоциклде айдоочунун артында учкашып баратып кырсыкка кабылган. Катуу ылдамдыкта бараткан мотоцикл токтоно албай, алдынан чыккан жеңил машинени капталынан барып сүзгөн. Мотоциклдин айдоочусу ошол жерден мүрт кетип, анын соккусуна кабылган автоунаанын 23 жаштагы жүргүнчүсү ооруканадан көз жумган. Аделина болсо оор акыбалда ооруканага түшкөн. Бир топ күн эсине келе албай жатып кийин жакшы болгон.

Ошол кезде шаардык прокуратура Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын эки кызматкерине кылмыш ишин козгоп, патрулдук милиция мотоциклди мыйзамсыз кубалаганын жана ошонун айынан жол кырсыгы болгонун билдирген. Кийинчерээк инспектор Шүкүр Умиров мотоциклди кубалаган автоунаанын ичинде жок болгону аныкталган. Бул окуядан улам жабыркоочу тарап болгон Орзубек Назаров Ички иштер министрлигине 10 млн. сомдук доо койгон.

Орзубек Назаров - жеңил салмактагы мушкерлер арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону. (TSh)

XS
SM
MD
LG