Британияда Жогорку сот премьер-министр Борис Жонсонду кызмат абалынан аша чабуу боюнча күнөөлүү деп тапты. 11 судьядан турган соттук коллегиянын бир ооздон чыгарылган өкүмүнө ылайык, өкмөттүн парламентти узак мөөнөткө - 14-октябрга чейин тыныгууга жөнөтүү тууралуу чечими мыйзамсыз болгон.
Жогорку соттун төрайымы Бренда Хейл өкүмдү окуп жатып:
- Өлкө Европа Биримдигинен так чыгаар алдында өкмөт эмнеге парламентти беш жумага тыныгууга жөнөтүп салганын эч негиздеп бере алган жок. Ошол эле мындай тыныгуунун мөөнөтү бир канча эле күн болушу керек эле, - деди.
Борис Жонсонго байланыштуу сотко эки палатадан 70тей депутат кайрылган.
Эми парламент ишин качан жандандырышы керек экенин Өкүлдөр менен Лорддор палаталарынын төрагалары чечмекчи.
Ушул айдын башында британ парламенти Борис Жонсонго Еврошаркеттен келишимсиз чыгышын чектеген мыйзам долбоорун кабыл алган.
Британияда 2016-жылы Брекзит боюнча референдум өткөн жана анда өлкөнү Европа Биримдигинен чыгаруу тууралуу сунуш колдоо тапкан. Андагы планга ылайык, Лондон шаркеттен быйыл март айында чыгышы керек эле.
Буга чейинки өкмөт башчы Тереза Мэй Брюссел менен түзүлгөн келишимдин долбоору менен үч жолу парламентке келген, бирок аны депутаттар колдобой коюшкан. Ошондон улам Мэй кызматтан кетип, шаркеттен чыгуу мөөнөтү 31-октябрга жылдырылган.
Борис Жонсон Брюссел менен макулдашпай туруп деле Брекзит жараянын белгиленген мөөнөттө ишке ашырарын айтып келатат.