Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Дональд Трамп глобализмди, Иранды жана «Талибанды» айыптады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 24-сентябрдагы жыйынында сөз сүйлөдү. Трамп мамлекеттердин эгемендигин коргоп, глобализмди айыптады. Ал БУУнун трибунасынан «Келечек глобалисттердин эмес, мекенчилдердин колунда. Өз жарандарына кам көргөн өлкөлөр - дүйнөнүн пайдубалы» деди.

Трамп өз администрациясынын эл аралык соода-сатык боюнча саясатын колдоп, анын ичинде Кытай товарларына кошумча нарк салыгы киргизилгенин жактады. АКШнын лидери Кытайды экономикалык саясатына байланыштуу сынга алып, Бээжинди протекционизм жана өндүрүш тыңчылыгы боюнча айыптады.

Дональд Трамптын сөзүнүн басымдуу бөлүгү Иранга арналды. Ал башка мамлекеттерди Тегерандын саясатын өзгөртүш үчүн ага басым-кысым көрсөтүүгө кошулууга чакырды.

Кошмо Штаттардын президенти Ооганстанда «Талибан» кыймылы чабуулун күчөткөнүнө токтолду. Вашингтон өнөктөштөрү менен бирге бул аймакта террорчулукка каршы күрөштү улантарын эскертти.

Трамп мыйзамсыз миграцияга каршы ойлорун айтып, мамлекеттик чек араны коргоо, миграцияны көзөмөлдөө аракеттери күчөй турганын белгиледи.

Дональд Трамп БУУдагы сөзүндө бул жолу Орусияны бир да жолу оозанган жок.

XS
SM
MD
LG