Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Трамп: Ирандын репрессиялык режими коркунуч жаратууда


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып бардык өлкөлөрдү Тегерандын саясатына каршы иштөөгө чакырды. Ал Ирандын жетекчилигин биринчи орунга ирандыктардын кызыкчылыгын коюуга үндөп, эгер бул өлкөнүн саясаты өзгөрбөсө санкциялар азыркыдан да катаал болорун эскертти.

- Тынчтыкты жактаган өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн бүгүнкү күндө олуттуу коркунуч жаратып жаткан жагдай – бул Ирандын репрессиялык режими, - деди Трамп.

Жакынкы Чыгышта абал 14-сентябрда күчөгөн. Сауд Арабиясындагы «Абкаис» жана «Хураис» мунай заводдоруна ракеталар менен урулган сокку үчүн АКШ жана Европа мамлекеттери Иранды айыптап жатышат.

Расмий Тегеран бул чабуулдарга эч тиешеси жок экенин билдирүүдө.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынган. Кийин АКШ бул келишимден чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG