Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

ИИМ: Орусияда кыргыз жаранынын өлүмүнө кызганыч себеп болгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда кыргыз жараны кызганычтын айынан мекендешин өлтүргөн деген шек менен камакка алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя быйыл август айында Москва облусунун аймагында болгон. Муунтуп өлтүрүлгөн аялдын сөөгү гараждардын арасынан табылган. 51 жаштагы ал аял кыргызстандык экени аныкталып, кыргыз милициясынын Орусиядагы өкүлчүлүгү менен бирге издөө иштери башталган.

Кылмыш иши козголуп, натыйжада 54 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Ал кылмышты мойнуна алып, ортодо тутанган чырга кызганыч себеп болгонун полиция кызматкерлерине айтып берди.

Кыргызстандын миллионго жакын жараны учурда Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG