Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:17

Алимент төлөбөй жүргөндөрдүн сегиз пайызы энелер экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда алименттин өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорун даярдоо керек экендиги Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде айтылды.

Талкуу учурунда белгилүү болгондой, жыл сайын ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңдей болуп жатат. Алимент төлөөдөн качкандардын эсеби 40 миңден ашуун. Алардын 92% аталар болсо, 8% энелер.

Алимент тууралуу мыйзам Кыргызстанда 1990-жылы кабыл алынган.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү камтыган долбоор Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин кароосуна жөнөтүлдү. (RK)

 

XS
SM
MD
LG