Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Трампка импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөрүлдү


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын Өкүлдөр палатасы өлкө башчысы Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөрүү процесси башталганын жарыялады.

Буга 2020-жылы боло турган шайлоодо Трамптын болжолдуу атаандашы Жо Байдендин ишмердүүлүгүн иликтөө талабы менен украин бийлигине басым жасалып жатканы тууралуу маалымат себеп болгону айтылды.

Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Нэнси Пелоси Трамптын украин президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу айыптоолорду жакшылап териштирип чыгуу тапшырылганын айтты.

Демократтар Трамп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууда деп эсептешет.

Андан бир аз мурдараак Трамп Зеленскийге Байден тууралуу иликтөө жүргүзүү тууралуу өтүнүч менен кайрылганын айткан, бирок муну басым катары кабыл албоого чакырган.

Импичмент тууралуу билдирүүдөн кийин Трамп дооматтарды четке кагып, Зеленский менен сүйлөшүүсүнүн толук стенограммасын жарыялай турганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG