Бүгүн, 25-сентябрда Бишкекте жаратылыш коруктарынын жана мөңгүлөрдүн кол тийбестигин талап кылган акция өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын уюштуруучусу, тарыхчы Элери Битикчи кабарлады.
Акция Жогорку Кеңештин имаратынын жанында өтөт.
Биринчи май райондук соту сентябрдын аягына чейин жарандардын тынчтык чогулуштарына тыюу салган. Бирок активисттер акциясын баары бир өткөрөрүн айтышууда.
Алар белгилегендей, адамзаттын, илбирстердин, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн келечеги экономика менен саясатка байланыштуу эмес. (RK)