Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:09

Кыргызстандагы 652 мектепте ысык тамак берилбейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстандагы 652 мектепте ысык тамак берилбей жатканын маалымдады.

Жусупбекованын айтымында, ал мектептерде таттуу токоч жана чай берилет. Учурда бардык мектепти ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча аракет көрүлүп жатканын белгиледи.

Учурда парламентте мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылууга байланыштуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Кыргызстан боюнча эки миңден ашык мектеп бар. Алардын арасында эл аралык уюмдардын колдоосу менен ысык тамак берилип келет. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG