Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:57

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү жаңы жылга чейин узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда жарандарга берилген убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү узартылганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-июнунан 1-октябрына чейинки мөөнөткө деп берилген күбөлүктөр эми 31-декабрга чейин жарактуу деп эсептелет. Буга жаңы чыга турган айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары келе элек экендиги себеп болгон. Күбөлүктөрдүн мөөнөтүн узартыш үчүн жарандар тиешелүү мамлекеттик мекемелерге барышы талап кылынбайт.

Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүктөрдү алып келүү жана даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганын, күбөлүктөр ноябрдын ортосу менен бериле баштай турганын кабарлады.

Кыргызстанда 2011-жылдан тарта, айдоочулук күбөлүк менен автоунаанын техникалык паспортун даярдоочу бланктар менен камсыз кылуу укугуна «Атлас Крипт» деп аталган, Кыргызстанда катталган компания ээ болгон. Бул компания сегиз жыл ичинде 13 миллион еврого айдоочулук күбөлүк жана 12 миллион еврого техникалык паспорт даярдаган.

Эми Мамкаттоо жаңы чыгарганы жаткан айдоочулук күбөлүктөрдүн наркы мурдагыга салыштырмалуу 10 эсеге чейин арзан болорун жарыялаган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG