Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Сурабалдиева: мугалимдер айлыгы көбөйгөнү менен сааты азайып жатканын айтышууда


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Парламенттин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева мугалимдердин айлыгы 30% көбөйтүлгөнү менен сааттары азайтылып жатканы боюнча кайрылуу түшүп жатканын билдирди.

- «Айлыгы 30% көтөрүлөт» дешкени менен сааттарды кыскартып жатканы боюнча кайрылып жатышат, - деди эл өкүлү.

Буга билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жооп берип, мындай фактылар катталса чара көрүлөрүн айтты. Жусупбекова айлык көтөрүлгөндө мугалимдердин сабак берүү сааттары азайтылбай турганын баса белгиледи.

Мектептерде мугалимдердин маянасы берген сабагына жараша эсептелет. Буга чейин өкмөт 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көтөрүлөрүн жарыялаган. Бул үчүн кийинки жылга бюджеттен 8 миллиард сом керектелери айтылган эле. (TSh)

XS
SM
MD
LG