Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Президент спортчу Тыныбековага батир берди


Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага президент Сооронбай Жээнбеков үч бөлмөлүү батир берди. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков маалымдады. Ал эми машыктыруучусуна акчалай сыйлык, Тыныбекованын ата-энесине болсо президенттин атынан энчилүү саат тапшырылды.

Айсулуу Тыныбекова 20-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды. Ал кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалдык таймашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди 5:3 эсебинде жеңип алды.

Айсулуу Тыныбекова - Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу.

XS
SM
MD
LG