Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

«Берекет универсал» базарынын соодагерлери мэр менен жолугушууда


Cоодагерлер мэр менен жолугушууда.
Cоодагерлер мэр менен жолугушууда.

Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» дүң жана чекене базарынын соодагерлери Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар базарга электр энергиясын берип, базарды мэриянын карамагына өткөрүп алууну талап кылып жатышат. Аларды Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кабыл алууда.

Алар буга чейин да нааразылык акциясын уюштуруп, базардын жабылышына жана анын ордуна соода борборун курууга каршылык билдиришкен.

Ленин районунун акимчилиги буга чейин «Азаттыкка» бул базар боюнча маселе эки ишкердин ортосундагы иш экенин маалымдап, акимчилик ага кийлигише албай турганын билдирген.

Бишкектеги Ош базары былтыр үч-төрт жолу өрттөнгөн. Андан жабыркагандар «базарды көчүрүү максатында муну атайын жасашты» деген божомолдорун айтышкан. ИИМ ошол кезде Ош базарындагы өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, анын ичинде атайылап өрттөө да бар экенин маалымдаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG