Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Бишкекте «Спорттук шаарча» куруш үчүн 30 гектар жер бөлүнөт


Түнкү Бишкек.
Түнкү Бишкек.

Бишкек шаарында «Спорттук шаарчанын» объектилерин куруш үчүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен 30 гектар жер бөлүнүп берилет. Бул боюнча өкмөттүн 6-сентябрдагы тиешелүү токтому жарыяланды.

Анда «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасынын Айтматов проспектисинде жайгашкан 12 гектар жерин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагындагы «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мекемесине мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырылган.

Ошондой эле Бишкек мэриясына ушул эле объектиге жакын жайгашкан 18 гектар жерди да «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгына» өткөрүп берүү сунушталды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги «Спорттук шаарчанын» объектилерин долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди жүргүзүүнүн тапшырыкчысы болуп аныкталды. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-сентябрда Бишкек шаарынын Түштүк магистралдан жогору жагына спорттук комплекс, футбол стадиону салынарын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG