Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Казакстанда журналист 34 айга кесилди


Амангелди Батырбеков.
Амангелди Батырбеков.

Түркстан облусундагы Сарыагаш шаардык соту 23-сентябрдын кечинде жарандык активист, «Сарыагаш инфо» басылмасынын редактору Амангелди Батырбековду эки жыл он айга эркинен ажыратты. Ал соцтармактагы жазганы үчүн «Жалаа жабуу» жана «Мазактоо» беренелери боюнча айыптуу деп табылганын «Азаттыкка» шаар сотунун өкүлү Акерке Меирбекова маалымдады.

Журналистти «Фейсбуктагы» жазгандары үчүн Келес райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Абдиев сотко берген. Тиешелүү экспертиза журналисттин жазганында жабырлануучунун «ар-намысын булгаган» сөздөр бар деп тапкан.

Батырбековдун жубайы Гүлзада Баймуратова «сот бир тараптуу, айыпталуучунун жүйөлөрү эске алынбастан өттү» деп билдирди. Анын айтымында, апелляциялык арыз берилет.

Амангелди Батырбеков төрт жыл мурун да, 2015-жылы күзүндө Сарыагаш райондук прокурорунун орун басары Нурлан Сапаровдун арызы боюнча бир жарым жылга камалган. Сапаровдун дооматы боюнча, Батырбеков жергиликтүү «Адилет» гезитине жазган макаласында ага «жалаа жапкан». Облустук сот бул чечимди жокко чыгарган. Сапаров кийинки жолу сотко мамлекеттик кызматкер катары кайрылып, экинчи жолу 2017-жылы Батырбеков дагы 1,5 жылга кесилген.

«Адил сөз» укук коргоо кыймылы Батырбековду «Казакстандагы сөз эркиндигинин туткуну» деп жарыялаган. Аталган уюмдун маалыматы боюнча, 2019-жылдын төрт айында өлкөдө ондон кем эмес журналистке «Жалаа жабуу» жана «Мазактоо» беренелери боюнча айып коюлган.

Эл аралык уюмдар казак бийлигин бул беренелерди кылмыш жоопкерчилигинен алып салууга чакырып жатышат.

XS
SM
MD
LG