Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

Жонсон Загари-Ратклифф Назанинди бошотууга чакырды


Назанин Загари-Ратклифф күйөөсү Ричард Ратклифф жана кызы Габриэлла менен.
Назанин Загари-Ратклифф күйөөсү Ричард Ратклифф жана кызы Габриэлла менен.

Британ премьер-министри Борис Жонсон Ирандын президенти Хасан Роуханиге кайрылып, Британиянын жана Ирандын жараны Назанин Загари-Ратклиффти «токтоосуз» бошотууга чакырды. Ал бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмундагы жолугушууда айткан. Жонсон Роухани менен буга чейинки сүйлөшүүлөрү да «жемиштүү, бирок натыйжасыз» болгонун билдирди.

Загари-Ратклифф 2016-жылы кармалган. Ага «Иран өкмөтүн оодарууга аракет кылган» деген айып коюлган. Өзү муну моюнга алган эмес.

Жонсондун басма сөз өкүлү премьер-министр Иранды аймактын туруктуулугун бузууга байланыштуу да айыптап, Сауд Арабиясындагы мунай заводдоруна урулган соккуга «Ирандын тиешеси бар» экенине тынчсызданарын билдирди.

Жонсон өз билдирүүсүндө мындан тышкары Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү зарыл экенин белгилеген.

Былтыр АКШ Ирандын өзөктүк программамы боюнча келишимден баш тарткан эле.

XS
SM
MD
LG