Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Дин иштери боюнча мамкомиссия: мектепте никаб кийүүгө тыюу салынган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламентте дин тутууга жана диний уюмдарды каттоого байланыштуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат Кожобек Рыспаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Чотаевге мектептеги никаб маселеси боюнча суроо салды.

Чотаев Кыргызстан дүйнөбий мамлекет болгондуктан мектепте никаб кийип келүүгө тыюу салынганын билдирди. Бирок Кожобеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бул маселе боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек экенин айтты.

Ошондой эле парламент жыйынындагы диний маселе боюнча талкууда өлкөдө үч миңге жакын диний уюм катталганы белгилүү болду. Кыргызстанда окуучулардын никаб кийип келүү маселеси маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Айрым диний ишмерлер никабга тыюу салуу менен адам укуктары бузулуп жатканын айтышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG