Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Роухани: Иран басым алдында сүйлөшүүгө барбайт


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани 25-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп, Иран «санкциялардын басымы турганда өзөктүк программа тууралуу сүйлөшүүлөргө барбайт» деп билдирди. Ал ошондой эле АКШны «ырайымсыз экономикалык терроризм» үчүн да айыптады.

- Биз басым алдында сүйлөшүүгө барбайбыз. Ирандын бийлиги тарыхтагы эң катаал санкцияларды колдонуп жатышканын ырастагандар менен сүйлөшүүгө бара албайт, - деди Роухани.

Мындан тышкары ал Иран «эгемендиги жана илимий-техникалык өнүгүү үчүн өз укугун коргой турганын» белгиледи.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси былтыр АКШ Ирандын өзөктүк программасы тууралуу 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыгып кеткенден кийин катаалдашкан. Ошондон бери АКШ Иранга каршы санкцияларын кеңейтип, алардын негизги өңүтүн мунай экспортуна таасир этүүгө бурган.

Тегеран болсо өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн билдирип келет.

АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиленин соңку курчушуна 14-сентябрда Сауд Арабиясындагы мунай заводдоруна коюлган террордук чабуулдар себеп болду. АКШ жана Батыш Европа бул үчүн Иранды күнөөлөп жатат.

Мунай заводдорундагы жардырууга жоопкерчиликти Иран колдогон йемендик хусит шииттери өзүнө алышкан.

XS
SM
MD
LG