Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Зеленский: Украина эле эмес, жалпы эл аралык коопсуздук коркунучта


Владимир Зеленский БУУнун трибунасында. 25-сентябрь, 2019-жыл.
Владимир Зеленский БУУнун трибунасында. 25-сентябрь, 2019-жыл.

Украинанын жетекчилиги дүйнө лидерлерине кайрылып, өлкө Орусиянын агрессиясына кабылып жатканын, эл аралык коопсуздук коркунуч алдында тургандыктан реформага муктаж экенин айтты.

Украин президенти Владимир Зеленский Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп, азыркы абалдын кесепети жалпы Европа аймагы үчүн оор болушу ыктымал экенин эскертти:

- Украинада, Европанын аймагында согуш жүрүп жаткан чакта силер бириңер да өзүңөрдү коопсуз сезе албайсыңар. Мунун силерге тиешеси жок деп ойлогонуңардын аягы жаман болушу толук ыктымал.

Зеленский дүйнөлөшүү заманында ар бир лидер өзүнүн гана өлкөсүнүн эмес, жалпы дүйнөнүн тагдыры үчүн жооптуу деген пикирин билдирди.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин эки өлкөнүн ортосунда мамиле бузулган. Ошондон бери Украинанын чыгышында өкмөттүк аскерлер менен Москва колдогон жикчилдердин ортосундагы тирештен 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды, 2 миллионго жакын адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду.

Кремль бардык дооматтар негизсиз экенин, 2014-жылы Крым боюнча чечим ошол жерде жашаган элдин референдум аркылуу билдирген эрки боюнча кабыл алынганын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG