Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Депутат Саруудагы шайлоодо тогуз аял талапкер өткөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Саруу айылдык кеңешиндеги шайлоодо тийиштүү добуш алган 21 талапкердин тогузу аял экенин маалымдады.

Ал бул тууралуу парламент жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Алтыбаева бул аялдардын укуктары жаатындагы жетишкендик экенин белгилеп, президентке, өкмөткө, кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

22-сентябрда өткөн Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн.

Маалыматка ылайык, Саруу айылдык кеңешине 79 талапкердин ичинен 21 киши мандат алууга жетиштүү добуш алды. Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтык чыгара элек. Канча мандат аялдарга бериле турганы белгисиз.

Жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамы боюнча добуш топтоп өткөндөрдүн 30% же 21 депутаттын жетөө аял болууга тийиш.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 38-беренесине ылайык 20 күндүн ичинде жыйынтык чыгышы керек.

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын Алдашев айылдык кеңешине талапкерлер «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө каршы экенин айтып, бийлик бутактарына кайрылышкан. 70тей талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда алар «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген өзгөрүүгө макул эмес экенин билдиришкен.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомун Жогорку Кеңеш 27-июнунда кабыл алган. Мыйзамга 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондон кийин күчүнө кирген.

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG