Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:05

Президент Жети-Өгүздө канал курулушу менен таанышты


Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында курулуп жаткан канал менен таанышты. Бул канал 1960-жылдары курулуп, толук оңдоого муктаж болгон. Мындан улам сугат суунун 55 пайызга чейинки бөлүгү жоготууга учурап келген.

- Дүйнөлүк банктын каржылоосу аркылуу куруп атабыз. Жалпы жонунан 128 млн. сом каралган. Учурда 68 млн. сомго иш аткардык. Иштин 64 пайызы бүттү. 2020-жылы күз айында ишке берилет. Канал оңолуп бүтсө жыл сайын 5 млн. куб метр суу үнөмдөлөт, - деди Суу ресурстары агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев президентке маалымат берип жатып.

Бул канал аркылуу Светлая Поляна, Оргочор, Тилекмат айыл аймактары сугат суу менен камсыз болот.

Жээнбеков айыл жергесин өнүктүрүүдө, калктын жашоосун оңдоодо сугат суунун маанисине токтолуп, курулушчуларга бул жумуштарды сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. (KS)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG