Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Ош-Анжиян-Ош каттамы жанданды


Ош-Анжиян-Ош каттамындагы кичиавтобус. Ош шаары. 25-сентябрь, 2019-жыл.
Ош-Анжиян-Ош каттамындагы кичиавтобус. Ош шаары. 25-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян шаарларынын ортосунда автоунаа каттамы 25-сентябрдан тартып жанданды. Автомобил, суу тармак жана салмак көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Анарбек Бекмуратов бул иш мамлекет аралык келишимге ылайык жасалып жаткандыгын маалымдады:

- Бишкек-Ташкент каттамы ишке киргенине көп болду. Минтип бүгүн Ош-Анжиян каттамын жандантып, ишке киргизип жатабыз. Эми жакында Ош-Фергана, Кызыл-Кыя - Фергана каттамдары ачылат. Эки элдин ынтымагын бекемдөө жана бири-бирине каттоосун ыңгайлаштыруу максатында Баткен, Ош облустарынан Өзбекстандын башка шаарларына да каттамдарды көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Буюрса Сүлүктү-Бишкек каттамын Ташкент аркылуу кайра жандантабыз деген үмүтүбүз бар.

Бекмуратовдун айтымында, жакында эки өлкөнүн башка шаарларын байланыштырган каттамдар да ачылышы күтүлүүдө.

Ош шаарынан №777 каттамындагы Ош-Анжиян маршруттук каттамында жол кире өзбек акчасы менен 10 миң сум, кыргыз акчасы 100 сом. Ал эми Анжияндан Ошко №26 Анжиян-Ош каттамында кичиавтобус жүрөт.

Азырынча күн сайын Оштон алты, Анжияндан алты кичи автобус жүрөт. Эки тарап каттамдагы кичиавтобустар чек арадан жана бажы бекеттеринен тезирээк өтүшү үчүн «жашыл коридор» түзүүнү сүйлөшүүдө. Анжиян облустук транспорт башкармалыгынын башчысы Өткүрбек Машраповдун айтымында, унаалар күнү-түнү жүргүнчү ташыйт. Баштапкы маалыматтар боюнча Ош-Анжиян-Ош каттамында күнүнө 2 миңдин айланасында жүргүнчү ташуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстандын Ош шааары менен Өзбекстандын Анжиян шаары коңшулаш жайгашкан. Эгемендик алгандан кийин 2005-жылкы Анжиян окуясына чейин кошуналар бири-бириникине «Достук» чек ара бекети аркылуу маршруттук каттам менен барышчу. Анжиян окуясынан кийин Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап, андан өтүү бир топ татаалдашкан.

«Достук» бекети аркылуу машинелердин жана жөө адамдардын кирип-чыгышына 2017-жылы эки өлкөнүн президенттеринин келишиминен кийин жол ачылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG