Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:07

Тышкы иштер министри Айдарбеков БУУнун баш катчысы менен жолукту


Чыңгыз Айдарбеков менен Антониу Гутерриш.

25-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Тараптар айлана-чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтууга, терроризмге жана экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Мындан сырткары Борбор Азияда кызматташтыкты күчөтүү, анын ичинде радиоактивдүү калдыктар маселесин чечүү жана суу ресурстарын колдонуу жөнүндө да кеп болду. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG