Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:12

Абылгазиев Кумтөрдөн түшкөн каражатты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды


Кумтөрдөгү өндүрүш.
Кумтөрдөгү өндүрүш.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кени боюнча жаңы кол коюлган стратегиялык келишимди аткаруу боюнча жыйын өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жыйындын жүрүшүндө жаңы келишимге ылайык көбөйтүлгөн каражатты натыйжалуу пайдалануунун жолдору талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңыдан түзүлгөн келишим Кыргызстан үчүн ыңгайлуу шартта түзүлгөнүн белгилеп, түшкөн каражат өлкө экономикасы үчүн натыйжалуу иштетилиши керек экенин билдирди.

Кыргыз өкмөтү менен Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишим өткөн айда күчүнө кирди. Анын шартына ылайык, канадалык компания Кыргызстанга төлөп бере турган сумманын көлөмүн мурдагы келишимде көрсөтүлгөндөн 150 миллион долларга көбөйткөнүн өкмөт маалымдалган. Бул келишимдер жаңыдан түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фонду жана Социалдык өнөктөштүк фонддору аркылуу келет. Ал эми өз кезегинде кыргыз тарап «Центерра Голдго» карата соттук доосун токтотту. Жаңы келишимге ылайык Кумтөр кенинин аянты 16 гектарга кеңейтилери белгилүү болгон. Бир катар активисттер бул жер Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунун аймагына кирет деген чочулоосун билдирген. Бирок өкмөт мындай маалыматты четке кагууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG