Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Бердымухамедов түркмөн парламентин реформалоону сунуш кылды


Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

25-сентябрда Түркмөнстанда Конституция боюнча эң жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналган Халк маслахатынын жыйыны өттү. Ал 2017-жылы Аксакалдар кеңешинин ордуна түзүлгөн.

Бул жыйында президент Гурбангулы Бердымухамедов Халк маслахатын реформалап, аны Мажилистин - парламенттин бир бөлүгү катары түзүүнү сунуш кылды. Ага ылайык, Түркмөнстанда кош палаталуу парламент түзүлүп, Халк маслахаты парламенттин жогорку палатасы болмокчу. Парламенттик реформаны ишке ашыруу Конституциялык комиссияга жүктөлдү. Ал Халк маслахатынын 2020-жылы өтө турганын жыйынына даяр сунушун алып келиши керек.

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сөзүнө караганда, «эки палаталуу система түркмөн коомунун бардык катмарынын мүдөөсүн» алып чыгууга мүмкүнчүлүк бермекчи.

Учурда Түркмөнстанда 125 мандаттуу бир палаталуу парламент иштейт. Депутаттар беш жылдык мөөнөткө шайланышат.

Халк маслахатынын 25-сентябрындагы жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедовго «ардактуу аксакал» наамы да ыйгарылды.

62 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарат. Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

XS
SM
MD
LG