Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:51

Вьетнамдан келе жаткан «Boeing» учагы аварияга учурап Барнаулга конду


330 жүргүнчү салган «Boeing 767-300» учагы 25-сентябрда Барнаулга Вьетнамдан учуп келген.

Орусиянын Батыш Сибирдеги Барнаул шаарына «Boeing» учагы авариялык абалда конуп, 56 киши ар кыл деңгээлдеги жаракат алды. Орусиялык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, бир киши ооруканага жаткырылып, калганы ыкчам медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

330 жүргүнчү салган «Boeing 767-300» учагы 25-сентябрда Барнаулга Вьетнамдан учуп келген. Ал конуп жаткан кезде жерге катуу урунуп, оң дөңгөлөгүнөн өрт чыкканы кабарланды. Санкт-Петербургдагы «Пятый» телеканалы жарыялаган видеодон өрт өчүрүүчүлөр учакка суу чачып, кырсыктын алдын алып жатканын көрүүгө болот.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG