Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:08

Депутат Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун кескин сындады


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов мамлекеттик Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 14 млрд. акча чогулганына карабай ал жерде натыйжалуу иш жүрбөй жатат деп эсептейт. Ал мындай пикирин парламенттеги жыйында билдирди. Турускулов жарандарда кайсы учурда, кандай акысыз медициналык жардам алары боюнча маалыматы жок экенин белгиледи.

Буга милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Элнура Боронбаева жооп берип, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Боронбаеванын маалыматына караганда, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддун тизмесинде катталган 5 миллиондон ашык жарандын 64% кызмат көрсөтүлгөн. Ал кепилдик программасынын алкагында алты жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, 70 жаштан ашкан кишилер, 1-2-топтогу майыптар сыяктуу калктын аялуу катмары акысыз медициналык жардам алышат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG