Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык карап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент чек ара боюнча буга чейинки токтомдордун аткарылышы боюнча жабык өтүп жатат. Жогорку Кеңештин жыйынына өкмөттөн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери, тийиштүү органдардын өкүлдөрү келген.

24-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде чек ара маселеси талкууланган. Анда чек арага байланыштуу мурда чыгарган токтомдордун жана чечимдердин аткарылышы тууралуу өкмөт маалымат берген.

16-сентябрда Баткендин Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG