Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Парламент өкмөткө чек ара боюнча кошумча тапшырмаларды берди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык карады. Парламенттин бул багытта мурда кабыл алган токтомдорунун аткарылышы талкууланган жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттарга маалымат бергенин «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди:

- Буга чейинки аткарылбай калган иштер боюнча кошумча тапшырмалар, мөөнөт берилди. Ал эми өкмөт жасалган иштер жана пландары тууралуу маалымат берди. Суроо-жооп, талкуу болду. Маселе кеңири каралды. Жыйын кечке маал башталып, саат кечи 9га жакын аяктады.

16-сентябрда Баткендин Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Кыргызстан түштүк тарабынан Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Чек ара тилкеси толук такталып бүтө элек. (RK)

XS
SM
MD
LG