Бул тууралуу 2020-жылга карата республикалык бюджетти талкуулаган өкмөт жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, кийинки жылдын бюджетинде киреше 163, 7 миллиард сом болсо, чыгаша 173,6 миллиард сомду түзөт. Ортодогу тартыштык 9,9 миллиард сом болот.
Абылгазиев бюджеттин ички дүң өнүмгө карата катышын төмөндөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, былтыркыга салыштырмалуу ал 0,5 пайызга азайтылганын билдирди.
Премьер-министр бюджетке салык түшүрүү 11,5 пайызга көбөйтүлүп жатканын кошумчалады.
Мухаммедкалый Абылгазиев кийинки жылы бюджетте мугалимдердин айлык-маянасын көтөрүүгө 7 миллиард сом кошумча каралып жатканын билдирди. (BkA)