Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Министрлик: Сокулуктагы мектептептердеги акча чогултууга мугалимдер аралашпайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим жана илим министрлиги Сокулук районундагы жалпы 17 мектептин директорлору, райондук билим берүү жетекчиси жана акча чогултууга каршы болуп жаткан ата-энелер менен бирге жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга министр Каныбек Исаков катышып, айрым үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын карап каражат топтоодон бошотууну сунуш кылды. Ал эми мектеп директорлору ата-энелер чогулткан акчанын бирдиктүү суммасын бекитүүнү сунуш кылышты. Бирок ата-энелердин өкүлү катары Чынара Апиева акча чогултуу ачык-айкын болушу керек экенин айтты.

Жыйындын соңунда тараптар мындан ары мектеп фонддоруна чогултулуучу каражаттын суммасын ата-энелер өздөрү аныктап, аны көзөмөлгө алууну сүйлөштү. Мектеп жетекчилери бул жараянга такыр кийлигишпөөгө макул болушту. (TSh)

XS
SM
MD
LG