Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Сауд Арабиясы биринчи ирет туристтерге виза бере баштайт


Сауд Арабиясы.
Сауд Арабиясы.

Сауд Арабиясы 49 мамлекеттин жарандарына туристтик виза бериле баштаарын билдирди. Азырынча ал өлкөлөрдүн тизмеси жарыялана элек. Падышалыктын туристтик визасын онлайн алса болот жана баасы 80 долларды түзөт.

Бирок Сауд Арабиясынын туризм министри Ахмед Аль-Хатибдин «Reuters» маалымат агенттигине билдиргендей, мусулмандардын сыйына турган жайлары жайгашкан Мекке жана Медина шаарларына барууга кандайдыр бир деңгээлде туристтерге чектөө киргизилет. Ошондой эле ал жакка барчуларга спирт ичимдиктерин ичүүгө болбойт.

Турист катары барган аялдар араб кыз-келиндери сымал баштан-аяк кара менен чүмкөнбөстөн, этек-жеңи узун көйнөк кийгени эле жетиштүү болот жана жанында эркек коштоочусу жок деле жүрө алышмакчы.

Падышалык чет өлкөлүк компанияларды өлкөнүн туристтик тармагына инвестиция салууга чакырды.

Сауд Арабиясы буга чейин иштегени келгендерге, жумушчу сапар менен болгондорго жана ажылык зыяратка келгендерге гана виза берип келген. Антсе да Саудия соңку жылдары туристтик тармагын өнүктүрүүгө көп аракет кылып келе жатат.

Эр-Рияд саякатчыларга виза бериле баштаарын мындан эки жыл илгери эле жарыялаган. Бийлик 2030-жылга чейин бул өлкөгө келип-кеткендердин санын 30 миллионго жеткирүүнү пландаштырып жатат. Азыр болсо өлкөгө келген мындай адамдардын саны жылына 16 миллионго чамалайт.

Сауд Арабиясын эл аралык укук коргоо уюмдары адам укуктарынын сакталышына, аялдарга карата жасаган мамилесине байланыштуу сындап келишет.

XS
SM
MD
LG