Францияда кыргызстандык жана өзбекстандык эки теннисчи айым полиция тарабынан кармалганы кабарланды. Бул тууралуу франциялык бир нече маалымат каражаты жазып чыкты. Маалыматка караганда спорчулар алдын-ала сүйлөшүлгөн беттешке катышкан деп шек саналууда.
Ал маалыматка ылайык, өзбекстандык оюнчу быйыл мартта Гонессте өткөн турнирде атаандашына атайылап жеңилип берген. Ал эми кыргызстандык теннисчи аталган сүйлөшүүгө ортомчу болгону айтылууда.
Ушундан улам кыргызстандык жана өзбекстандык теннисчилер Клермон-Феррандагы мелдешке катыша албай калышкан. Бул мелдеште Борбор Азиядан барган теннисчилер жуп катары ойномок.
Кыргызстандын теннис спортун өнүктүрүү боюнча координатору Вячеслав Федотов «Азаттыкка» мындай маалыматтарды медиадан гана окуп жатканын белгилеп, бул тууралуу ага эч кандай расмий маалымат келип түшпөгөнүн билдирди. (BkA)