Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Норвегияда казакстандык ондогон жаран кармалды


Норвегиядагы полициянын автоунаасы.
Норвегиядагы полициянын автоунаасы.

Норвегияда виза режимин бузду деген айып менен Казакстандын 60 жараны кармалды. Муну Ослодогу Казакстандын элчилиги бышыктады.

Элчиликтин өкүлү Талгат Жумагулов «Азаттыктын» казак кызматына аларды жакынкы күндөрү Казакстанга жөнөтүү жагы караштырылып жатканын, кармалгандар Европага туристтик виза менен келип, бул жакта калып, ишке орношууну көздөгөн болушу мүмкүн экенин билдирди.

Мунун алдында норвегиялык VG басылмасы полицияга шилтеме кылып, Эйдсволл шаарчасында мейманкага айланган мурдагы оорукананын имаратында визасынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу 67 адам кармалганын, басымдуусу казакстандыктар экенин жазган. Колго түшкөндөрдүн арасында мурдагы советтик республикалардын жарандары да болгон.

Казакстанда соңку жылдары тенгенин куну качып, элдин кирешеси азайгандыктан чет өлкөгө иш издеп кеткендер көбөйдү. Тышкы иштер министрлиги өткөн жылы Түштүк Кореяда казакстандык 10 миңдей мигрант бар экенин маалымдаган. Орусиянын миграциялык кызматынын билдиришинче, быйыл жыл башынан бери 100 миңден ашык казак жараны иш издеп келген.

XS
SM
MD
LG