Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:49

Атамбаевдин жан сакчысы мурда соттолбогондор менен отурат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев №1 тергөө абагында, мурда соттолбогон жана оор кылмыш кылбагандар менен отурат. Анын өмүрүнө коркунуч жок экенин маалымдашты. Бирок, ал канча киши менен бирге кармалып турганы айтылган жок.

Буга чейин жактоочу Замир Жоошев, Сагымбаевге кысым көрсөтүү үчүн №1 тергөө абагына камап жатат деп бийликти айыптаган. 26-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан. Сот Сагымбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алган. Сагымбаев 24-сентябрдын кечинде Аскер прокуратурасында сурак бергенден кийин эки суткага камалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Канат Сагымбаев Атамбаевдин жеке жан сакчысы катары иштеп жаткан. 20-сентябрда атайын кызмат анын жумуштан алынганын тастыктаган.

УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөсүн аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген.

Адвокаттын айтымында, Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюлуп жатат.

Офицердин тарапкерлери бул айыптоолор негизсиз жана мыйзамга каршы келерин айтып жатышат. Буга чейин Атамбаевдин тушунда 9-башкармалыкты жетектеп турган Дамир Мусакеев да кармалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG