Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Бишкекте «Мурас чыйыры» аттуу фестиваль өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаарында «Мурас чыйыры» аттуу фестиваль өтөт. Уюштуруучулар белгилегендей, бул «‎Музейдеги түн» акциясындагы #назикмурас же #хрупкоенаследие долбоорунун уландысы.

Анда шаар тургундары жана коноктор эски Пишпек шаарын, XIX кылымда салынган имараттарды көрө алышат. Алардын катарында Пишпек шаар старостасы Илья Терентьевдин үйү, Сүрөтчүлөр биримдигинин көргөзмө залы, Михаил Фрунзенин үйү бар.

Фестивалдын алкагында эски шаарга, эски сүрөттөр менен ошол кездин модасына эскурсия жасалат.

Кыргызстанда 2013-жылдан бери «‎Музейдеги түн»‎, «‎Музейдеги каникул»‎ өңдүү бир топ акциялар өткөрүлүп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG