Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Ооганстанда шайлоо бекетинде жарылуу болду


Ооганстандагы шайлоо.
Ооганстандагы шайлоо.

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарындагы расмий адамдардын айтымында, 28-сентябрда шайлоо участкасы катары ачылган мечитте жардыруу болду.

Аймактык оорукананын өкүлдөрү бери дегенде 15 киши жараат алганын, үчөөнүн абалы оор экенин билдирди. Башка райондордо ракетадан аткылоо болгону кабарланды. Бирок ал шайлоо участкаларына багытталганбы же жокпу айтыла элек.

Мындан сырткары Кабул, Газни жана Жалал-Абад шаарларында жарылуу болгонун расмий булактар билдиришкенин Reuters агенттиги жазды.

Соңку апталарда ооган өкмөтү талибдердин кол салууларына каршы коопсуздук чараларын күчөткөн. Өлкө боюнча 72 миңдей коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери добушканалардагы жана шайлоочулардын коопсуздугун камсыз кылууда.

Согушкерлердин кол салуу коркунучунунан улам жети миң добушкананын эки миңдейи жабылган.

Буга чейин талибдер шайлоо өтө турган болсо добушканаларга, шайлоочуларга кол салуу боло турганын эскерткен.

Шайлоого жалпысынан 15 талапкер ат салышып жатат. Эгерде бир да талапкер жетиштүү добуш албай калса, шайлоонун экинчи айлампасы 23-ноябрда өтмөкчү. Ооганстанда жалпысынан 9,6 млн. шайлоочу катталган.

Өлкөдөгү адилет жана эркин шайлоо форумунун жетекчиси Юсеф Рашиддин белгилешинче, добуш берүү мурдагыга караганда жайыраак өтүп жатат. Айрым кыйынчылык добуштарды жасалмалоого каршы киргизилген биометрикалык жабдуулардан улам да келип чыгууда.

Ооганстанда 2014-жылы өткөн соңку президенттик шайлоодо шайлоочулардын 60% катышкан. Анда да негизги кармаш Ашраф Гани менен Абдулла Абдулланын ортосунда болгон. Шайлоонун экинчи айлампасында Гани утуп чыкканда Абдулла аны «көз боёмочулук кылды» деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG