29-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.
29-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
30-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
29-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 жылуу;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 26…28 градус болот.