Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:47

Нарындыктар депутаттар менен жолугушуу учурунда залдан чыгып кетишти


27-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушууга катышкан нарындыктар жыйын бүтө электе залдан чыгып кетишти.

Бул тууралуу Нарын шаарынын тургуну Ширин Жолдошбек кызы билдирди. Анын айтымында, чогулуш Нарын шаарындагы драма театрынын имаратында болгон. Депутаттар менен жолугууга облустун ар кайсы районунан 300дөй киши катышкан.

- Негизинен социалдык көйгөйлөр айтылып жаткан чогулушта жаштарга сөз берилбей, микрофон талашып калган учурлар болду. Анан көпчүлүк залдан чыгып кетти, - деп билдирди Жолдошбек кызы.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Алтынбек Жунус уулу Нарынга эл менен жолугушуу үчүн барган. Эл өкүлдөрүнүн өздөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жолугушууну уюштурган Нарын шаардык кеңешинин “Ала-Тоо ынтымагы” фракциясынын депутаты Мустава Жумакановдун айтымында, жолугушууда жаш курагына карап, улуулар биринчи суроо узаткан. Акыркы болуп жаштарга кезек тийген.

- Бул жакта эч кандай нааразычылык, сөз берилбей калды деген нерсе болгон эмес. Жыйындын аягында жаштарга сөз берилген.

Нарындыктар менен жолугушууга депутаттардан сырткары бир катар министрликтин өкүлдөрү да катышты. (MiK)

Пикирлерди көрүңүз (46)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG