Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Ошто «Азаттыктын» кабарчысын дарыгерлер текшерип жатышат


Айбек Кулчуманов.
Айбек Кулчуманов.

Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылган «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун ден соолугун текшерип жатышат.

Ишембиде Ош шаарында Кулчуманов берүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон жигиттер журналисттин артынан келип сокку уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, «Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка алышкан. Мындан кийин автоунааларына отуруп белгисиз жакка кетип калышкан.

«Азаттыктын» журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

28-сентябрда кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдиргени боюнча, журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазды. Азырынча алардын аты-жөнү айтылган жок.

Шаардык милициянын «Фейсбук» баракчасына чыккан маалыматта Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн номери жок үйүнүн тургуну А. уулу О. «короодо турган учурда башына белгисиз учуп жүрүүчү дрон келип түшкөндүгүн, анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин» билдирип, арыз менен кайрылганы айтылат.

Дрондун пультун кол салгандар тартып алышканда ал дайынсыз жоголгон.

XS
SM
MD
LG