Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Ошто «Азаттыктын» кабарчысын уруп, карактап кетишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-сентябрда Ош шаарында белгисиз төрт киши күчкө салып, «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун видео камерасын толук комплектиси менен тартып алды.

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов кезектеги теле иликтөөнүн алкагында Оштогу Ленин көчөсүндө дрон аркылуу 150 метрден жогорку бийиктиктен шаарды тартып жүргөн.

Ошол учурда белгисиз олбурлуу жигит басып келип, операторду артынан муштаган. Андан соң кучактап туруп колундагы дрондун пультун жана телефонун жулуп алган. Журналисттен дронду берүүнү талап кылган. Оператор Кулчуманов дронду асмандан түшүрүш үчүн пультту алышы керек экенин айткан. Бирок тартып алган адам пультту кайтарган эмес. Ошол маалда дрон башкаруусуз калган.

Анан дагы экөө басып келген да Кулчумановдон «Райымбек Матраимовду тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка ала башташкан. «Лексус» автоунаасы токтоп, андан дагы бир киши түшүп келген. Ал дагы Кулчумановду суракка алып, опузалаган.

Андан соң алар оператор түшүп келген машинени ачып, андагы техниканы - штатив менен видеокамераны, Кулчумановго берилген «Азаттыктын» кызматтык күбөлүгүн, парламенттик кабарчы күбөлүгүн жана автоунаанын ачкычын тартып алган.

Ошондон кийин «дрон табылбаса сени менен башкача сүйлөшөбүз деп» коркутуп, машинеге отуруп, белгисиз тарапка кетип калышкан.

Тартып алгандардын сөзүнөн улам кабарчыбыз Ыдырыс Исаков жабдыктарды Матраимовдорго байланыштуу адамдар алып кетиши ыктымал деп болжолдогон.

Ошондон соң ал Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимовго телефондон байланышканда ал жабдыктарды берише турганын айткан. «Берет-берет, милиция аркылуу берет» деп жооп кайтарат Тилекбек Матраимов.

«Азаттыктын» журналисти Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренеси 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылган Айбек Кулчумановдун ден соолугун текшерип жатышат.

28-сентябрда кечки сегиздер чамасында тартып алынган камераларды жактоочусу менен кошо үч жигит милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Каракталган жабдыктардын жалпы суммасы 1 580 100 (бир миллион беш жүз сексен миң бир жүз) сом. Алар видео камера, штатив, телефон жана дрон учуруучу пульт, Кулчумановдун автоунаасынын ачкычы жана документтери. Пульт каракталган соң асманга учурулган дрон да дайынсыз жоголгон.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдиргендей, журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазды. Азырынча алардын аты-жөнү айтылган жок. Ишембинин кечинде шаардык милициянын «Фейсбук» баракчасына чыккан маалыматта Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн номери жок үйүнүн тургуну А. уулу О. «короодо турган учурда башына белгисиз учуп жүрүүчү дрон келип түшкөндүгүн, анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин» билдирип, арыз менен кайрылганы айтылат.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын айрым туугандары жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттыктын» иликтөөсү буга чейин 29-майда жарыяланган.

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG