Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 00:04

Финпол 646 млн. доллардын дайынын билдирди


Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат (Финпол) «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 2010-2018-жылдары Saimaiti Aierken, «Абдыраз» аттуу жоопкерчилиги чектелген коому жана «Wufuli Bumailiyamu» жеке ишканасы банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 долларды чет өлкөлөргө жөнөткөнү айтылат.

Акча кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу контракттардын негизинде которулган.

Быйыл май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу сөз болгон.

Финполдун маалыматына караганда, Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна 2014-2019-жылдары 1 миллион 439 миң доллар жана 221 миң сом келип түшкөн.

Акча келишимдердин негизинде фонддун банктык эсебине кайрымдуулук катары төмөнкү жеке жана юридикалык жактардан которулган:

- «Ж.М.» 10 000 доллар;

- «М.Ч.» 10 000,00 доллар;

- «W.B.» Стамбул шаары, 199 958,2 доллар;

- «D.A.», Стамбул шаары 170 588,00 доллар;

- «S.C.K.G.», Стамбул шаары 139 965,10 доллар;

- «A.G.T.F.», Бириккен Араб Эмирликтери 159 965,00 доллар;

- «A.A.», Өзбекстан 499 950,00 доллар;

- «R.J.», Стамбул шаары 199 760,20 доллар;

- «P.O.», Москва шаары 49 162,00 доллар;

- «М.Р.» 221 600,00 сом

Мындан тышкары Wufuli Bumailiyamu аттуу жарандан аталган фондго 100 миң доллар жана 99 миң 958 доллар которулганы тууралуу банктык документтер бар экени айтылды.

Ошону менен катар Финпол иликтөөдөгү Saimaiti Aierken жана Wufuli Bumailiyamu деген адамдар Матраимов атындагы фондго 2 миллион 338 миң доллар которгону тууралуу документтер тастыкталбаганын билдирди.

Буга чейин Финполиция абдан көп документтер талданып жатканын кабарлаган. Мекеменин башчысы Бакир Таиров бул маселе боюнча 18-июнда «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берген.

Бакир Таиров: Матраимов менен байланышым жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:03 0:00

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы иштен бошотулган. Бирок кийин бул үчүн өкмөттү сотко берип, утуп алган.

2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштирилерине убада берген.

Кененбаев: 700 млн. доллар күмөндүү деп маалымат бергенбиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:18 0:00

Финполициядагы топ февраль айынын бери иштеп жатат.

Быйыл 29-майда «Азаттык» радиосу «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген көрсөтүүсүндө Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган.

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG