Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Матраимовдун текшерилип бүтпөгөн мүлкү


Райымбек Матраимов. 1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарада тартылган сүрөт.
Райымбек Матраимов. 1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарада тартылган сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Райымбек Матраимовго байланышкан журналисттик иликтөөлөрдөгү фактыларды дагы эле териштирип жатат.

Анын жүрүшү тууралуу азырынча эч кандай маалымат бериле элек. Социалдык тармактарда «Матраимовдор Кыргызстандан миллиондогон долларларды чыгарып кетип жатканы» тууралуу маалыматтар тарап, коомчулукта ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратты.

Финансы полициясы «Азаттыктын» иликтөөлөрү боюнча Мамлекекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу эки ишти териштирип жатат. Мекеме азырынча иликтөөнүн жүрүшү тууралуу бир да маалымат бере элек. Бул жолу да байланышканыбызда басма сөз катчысы Анастасия Пискур буларды айтуу менен гана чектелди:

«Тергөөнүн купуялыгы үчүн тилекке каршы сизге маалымат бере албайм. Иликтөө иштери жүрүп жатат жана ал азырынча жарыяланбайт. Иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин эмнелер аныкталды, эмнелер такталган жок - маалымат берип, коомчулукка сөзсүз жеткиребиз».

Матраимовго байланыштуу биринчи иш «Азаттыктын» 2017-жылы чыккан «Бажыдагы миллиондор» деген иликтөөсүнө байланыштуу. Бул берүүнүн негизинде президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын аягында тапшырма берип, 2019-жылдын башында Финансы полициясы Матраимовдун мүлкүн текшере баштаган.

Экинчиси - «Азаттыктын» 29-майда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсү боюнча. Анда иликтөөнүн автору Али Токтакунов ишенимдүү булактар Кыргызстандан бир нече жыл ичинде 700 миллион доллар чыгарылып кеткенин айтканын жана анын кеминде 250 миллион долларын тастыктаган документ, банк дүмүрчүктөрү бар экенин билдирген. Ошондой эле Райымбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу да сөз болгон.

Матраимовго байланыштуу биринчи иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен катталган. Анын мүлкүн иликтөө январда башталып, бирок ушуга чейин бүтпөй келатканын сынга алгандар бар.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова Матраимовдун иши бирдиктүү реестрге катталгандан бери аны териштирүүнүн мөөнөтү да дээрлик бүткөнүн айтууда. Ал иликтөөнүн создугуп кетишинин себептери тууралуу буларды белгиледи:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

«Матраимовдун мүлкү коомчулуктун талабы менен текшерилип жатат. Бирок бул ишти көзөмөлгө алып, анын мүлкүн текшерип жаткан мамлекеттик органдардын иши коомчулуктун купулуна толбой турат. Анткени ал узакка созулуп кетти. Бул Финансы полициясынын чабалдыгын жана ишти аягына чыгаруу боюнча саясий эрктин жоктугун көрсөтүүдө».

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 28-майда Финансы полициясынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алып, Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырган.

Өкмөт башчы «Азаттыктын» экинчи иликтөөсү боюнча кеңешме өткөрүп, журналисттик иликтөөдөгү айтылган фактыларды иликтөөнү талкуулаган. Кийин Финансы полициясы иликтөөдө айтылгандарды териштирүү максатында ыкчам топ түзгөн.

Ал эми Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев болсо «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө аты аталган адамдар Европа өлкөлөрүнө да акча которуп жүрүшкөнүн айткан:

Гүламжан Анарбаев.
Гүламжан Анарбаев.

«Биз 2014-жылы ИИМге жана 2016-жылы Финансы полициясына 700 миллион долларга байланыштуу фирмалар, адамдар боюнча өз бүтүмүбүздү берген экенбиз. Азыр кайрадан карап жатабыз. Бул жерде «Кара-Суу», «Дордой» базарларындагы акча боюнча кеп болуп жатат. Мындан тышкары ошол эле адамдардын Европага, Түркияга акча которгону боюнча сөз болуп жатат. Бүгүнкү күндө биз Финполиция менен бирге ошол 700 миллиондун ар бир тыйынына чейин эсептеп, тыгыз иштеп, кандай мыйзам бузуу бар экенин изилдеп жатабыз».

Матраимовго байланышкан ишти иликтөө негизинен Финансы полициясына жүктөлгөн. Премьер-министр андан тышкары бир катар тиешелүү мамлекеттик органдарга да тапшырма берген.

Алардын ичинен Улуттук банк «Азаттыктын» өлкөдөн чыгарылган миллиондор тууралуу иликтөөсү боюнча териштирүү башталганын кабарлап, мыйзамсыз акча жүгүртүүнү ачыкка чыгаруу боюнча «Азаттыктын» ишин колдой турганын билдирди.

Ал арада социалдык тармактарда «Матраимовдор Кыргызстандан миллиондогон долларларды чыгарып кетип жатат» деген маалымат тарады. Финансы полициясы бул да иликтенип жатканын маалымдады.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова бул коомду ар кандай бүдөмүк ойлорго түртүп жатканына көңүл бурду:

«Мисалы, коомдо «Шадиевге мүлкүн сатып мамлекеттен чыгып кетүүгө шарт түзүлгөн. Андан кийин гана иш козголду» деген сөздөр айтылып келет. Демек прецедент бар. Коомчулук менен эксперттер да «ушундай эле сценарий Матраимовдун ишинде да колдонулуп жатат» деп күмөн санашууда. Өкмөт чет өлкөгө чыгарылган каражат боюнча «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү фактыларды тез арада далил материалдар менен четке кагып же тастыкташы керек болчу. Бирок дагы эле үн катпай турат. Болгону «комиссия түзүлдү. Териштирилет» деп эле чектелди. Бул коомчулук күтүп жаткан жооп эмес. Эми болсо сыртка аз эмес суммадагы акча чыгарылып кетип жатканы тууралуу маалыматтар тарап атат».

Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов буга чейин «Азаттыктын» иликтөөсүнө жообун парламенттин расмий сайтына жайгаштырган. Анда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн айланасындагы кырдаал саясатташып кеткени сөз болгон.

Матраимовдун мүлкүнө байланыштуу иликтөөлөрдү жасап келаткан Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров териштирүүнүн узакка созулушун Финансы полициясынын ишинин өзгөчөлүгү менен түшүндүрдү:

«Тергөө органдарынын иштөө ыкмалары башкача да. Алар бир топ маалыматтарды тактап, аныкташ үчүн көп иш жасашы керек. Бирок «эч нерсе табылган жок» деген жыйынтык чыгарса бул өтө начар көрсөткүч болот. Мүмкүн «Азаттык» жана Factcheck.kg сайтына чыккан маалыматтардан да көп маалымат таап чыгышар».

Райымбек Матраимов коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен белгилүү. Ал 2017-жылдын 23-ноябрында кызматтан бошотулган. Матраимов кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып өкмөттү сотко берип, соттон утуп алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG