Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

«Ачык өкмөттүн» иши боюнча отчет даярдалууда


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

«Open Government Partnership» өнөктөштүгүнүн өкүлдөрү «Ачык өкмөттү» куруу боюнча иш-чаралардын улуттук планынын ишке ашырылышы жөнүндө өз алдынча отчёт даярдап жатат. Анын жыйынтыгы ушул жылдын октябрь айында даяр болот. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Ачык өкмөт өнөктөштүгүнүн» («Open Government Partnership») өкүлдөрү менен жолугушкан учурда айтылды. Өмүрбекова Борбор Азия аймагынан биринчилерден болуп Кыргызстан «Ачык өкмөт өнөктүштүгүнө» кошулганын, өкмөттү ачык-айкын иштөөгө алып келүү негизги максат экенин белгиледи.

Улуттук планын аткаруу тууралуу жарым жылдын отчётунда милдеттенмелерге оң баа берилген, бирок бир катар кемчиликтер да бар экени айтылды. Вице-премьер-министр кийинки иш-чаралардын планын иштеп чыгууга киришүүдөн мурда, алган милдеттенмелердин өз мөөнөтүндө аткарылбай калган себебине кылдат талдоо жүргүзүш керек экенин кошумчалады.

«Ачык өкмөт өнөктөштүгү» (OGP) - өкмөттөрдүн ачыктыгын, жарандардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, коррупция менен күрөштү жана башкарууну күчөтүш үчүн жаңы технологияларды колдонууну камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге.

Кыргызстан өнөктөштүккө 2017-жылы өткөн, ал эми 2018-жылы аткарууга 19 милдеттенмени кабыл алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG