Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:15

Улан-Удэде полициянын зомбулугуна каршы митинг өттү


Улан-Удэ.

Бурятиянын борбору Улан-Удэде 600дөй киши жекшемби күнү «Саясий туткундарды коргош үчүн жана полициянын зомбулугуна каршы» митингге чыгышты. Уюштуруучулар сентябрдагы акцияга катышкандарды куугунтуктоону токтотууну, Буриятиянын башчысы Алексей Цыденовдун, ИИМдин жетекчиси Олег Кудриновдун кызматтан кетишин талап кылышты. Бул тууралуу «Сибирь. Реалии» жазды. Митингге чыккандар саясий мотив менен камалгандарды бошотууну жана буга чейинки нааразылык акциясына чыккандарды кууп тараткандардын жоопкерчилигин кароо тууралуу талап бар. Бул тууралуу «Сибирь. Реалии» сайтынын кабарчысына Элдик Куралдын депутаты Леонтий Красовский билдирди.

Жекшемби күндөгү митинг калаа борборуна өткөрүүгө тыюу салынгандыктан шаардык эс алуу багында өттү.

Бурятиянын борборундагы митинг 9-сентябрда башталган. Демонстранттар шаардын мэрин шайлоо боюнча жыйынтыкты кайра карап чыгууну жана якутиялык бакшы Александр Габышевдин соттолгон эки колдоочусун бошотууну талап кылышкан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG