Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Ошурахунова: журналисттерге кол салуу коомго коркунуч жаратат


Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Ош шаарында «Азаттыктын» кызматкери кол салууга кабылып, жабдууларынын каракталышы - коррупцияга каршы турган жарандык коом үчүн коркунучтуу сигналдардын бири. Мындай пикирин укук коргоочу, Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү Динара Ошурахунова билдирди:

- Башкы прокуратура жана башка тийиштүү мекемелер муну терең иликтеп, аягына чыгарбаса, күч органдарына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, милицияга ишеним көрсөтпөөгө укуктуубуз.

Ошурахунова жарандык коом бул жагдайга кылдат көз салып, жыйынтыгын талап кылууга милдеттүү экенин кошумчалады.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, «Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка алышкан.

«Азаттыктын» журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ошол күнү кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Милиция журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазганын билдирди. «Азаттык» Райымбек Матраимовдун бул окуяга тиешеси бар же жогун өзүнөн азырынча тактай алган жок.

Айбек Кулчуманов медициналык текшерүүдөн өтүп, дарыланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG