Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

«Bloomberg»: Путиндин кызы ДНКны өзгөртүү боюнча талкууга катышкан


Владимир Путиндин тун кызы болушу мүмкүн деп сөз болгон Мария Воронцова.
Владимир Путиндин тун кызы болушу мүмкүн деп сөз болгон Мария Воронцова.

«Bloomberg» басылмасы Орусиянын белдүү генетиктери быйыл жайында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана башка жооптуу кызматкерлер менен адамдын ДНКсын өзгөртүү маселелери тууралуу жашыруун талкуу өткөргөнүн, ага Орусиянын президенти Владимир Путиндин кызы экени айтылган Мария Воронцова катышканын жазды. Басылма бул маалыматты ошол жыйынга катышкан, бирок атын атабаган үч адамга шилтеме кылды. Ага ылайык, талкуу үч саатка созулган жана Мария «адамдын ДНКсын өзгөртүүнү жеке секторго берүүгө таптакыр тыюу салынып, бул иштер мамлекеттин гана колунда болушу керек», деген сыяктуу пикирин айткан.

Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы Путиндин улуу кызы деп саналган 34 жаштагы Мария Воронцованын бизнесин иликтеп чыккан. Ага ылайык, Мария - Ленинград облусунда заманбап медициналык борбор курганы жаткан «Номеко» деген компаниянын акционерлеринин бири.

Орусиядагы федералдык телеканалдардагы сюжеттерде Мария Воронцова 2017-жылдан бери көрсөтүлө баштаган. Өткөн айда «Россия» телеканалында Санкт-Петербург шаарында өсмө ооруларын нур менен дарылоо боюнча эл аралык жыйындан репортаж көрсөтүлгөн. Владимир Путиндин Мария жана Катерина деген эки кызы бар экени маалым. Бирок алардын жеке жашоосу, кесиби, иштеген жери тууралуу расмий маалымат дээрлик берилбейт.

XS
SM
MD
LG