Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Москвада саясий туткундарды колдогон митинг өтүп жатат


Москвадагы митинг.
Москвадагы митинг.

Орусиянын Москва шаарындагы Сахаров проспектинде шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган өз алдынча жана оппозициялык талапкерлерди колдогон нааразылык акцияларында кармалган адамдарды бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат. Митинг өткөрүүгө жергиликтүү бийлик уруксат берген. Полициянын маалыматы боюнча, ага 20 миңдей адам чогулду.

Митингде Коррпуцияга каршы күрөш фондунун директору Иван Жданов, саясатчылар Юлия Галямина, Любовь Соболь баштаган оппозициячыл маанайдагы бир топ активисттер сөз сүйлөп, бийликтен камактагыларды бошотууну талап кылышты.

Өткөн айларда Москва шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган талапкерлерди колдоп миңдеген адам нааразылык акцияларына чыккан. Полиция аларды кууп тараткан. Жүздөгөн адам камалып, ондогон кылмыш жана административдик иштер козголгон. Беш адамга күч органдарынын кызматкерлерине кол көтөрдү деген айып коюлуп, камалган. Алардын ичинен жаш актёр Павел Устиновдун окуясы орус коомчулугунда кызуу талаш-талкуу жараткандан кийин ал үй камагына чыгарылган.

Эл аралык коомчулук, жергиликтүү укук коргоочулар Москвадагы нааразылык акцияларында полициянын аёсуз күч колдонгонун, негизсиз айып тагылганын сынга алышкан болчу.

XS
SM
MD
LG