Кытай Эл Республикасы болуп түзүлгөнүнүн 70 жылдыгын салтанаттуу майрамдаганы жаткан чакта Гонконгдо Бээжинге каршы миңдеген адам көчөгө чыкты. Дем алыш күндөрү нааразылык акциясына чыккандарга каршы полиция жаш агызчу газ колдонуп, суу бүркүп, желим ок менен атты. Би-Би-Син билдиргендей, демонстранттар шаардын башкы көчөлөрүн бууганга аракет кылышты жана полицияга ичине май толтурулган шишелерди ыргытышты.
Ошол эле учурда шаарда Бээжинди колдогон митинг өттү. Анда 200дөй кызыл кийимчен адам чогулуп, «Мен Кытайды жакшы көрөм!» деп кыйкырып турушту.
Гонконгдо бийликке каршы нааразылык акциялары мындан үч ай мурун башталган жана ал кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого жол ачкан мыйзам долбооруна байланыштуу чыккан.
Ушул айдын башында шаар жетекчиси Кэрри Лам талаштуу долбоорду парламенттен артка кайтарып алган, бирок демонстранттар, оппозиция лидерлери анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.