Гендер темасын жазууда жана аял-эркектердин укуктарына байланыштуу маселелерди чагылдырууда калпыстыктарга жол бербөө максатында журналисттерге бир апталык тренинг уюштурулду. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен «Открытая линия» коомдук фонду өткөргөн окутуу Бишкекте 23-сентябрдан 30-сентябрга чейин уланды.
Журналисттерге жергиликтүү жана чет элдик адистер сабак өтүштү.
Уюмдун байкоосуна караганда, айрым учурда журналисттер тексттеринде одоно каталарга жол берип, гендердик стереотиптерге жетеленген учурлар кездешет. Мисалы, жол кырсыгына кабылган автоунааны аял айдап бараткан болсо, рулда аял киши экени сөзсүз башкы темада же текстте белгиленет. Башка аварияларда айдоочунун жынысына маани берилбейт. Же миграцияда жүрүп, балалуу болгон, перзентин таштап кеткен келиндер жөнүндө жазылганда аталар тууралуу дээрлик кеп козголбойт.